Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:15

Киев: Янукович тууралуу ар кандай маалымат тароодо


Украинанын маалымат каражаттарында президент Виктор Янукович Киевден чыгып кетип, калаанын Майдан баштаган борбордук райондору оппозициянын көзөмөлүнө өткөнү айтылууда.

ZN.ua басылмасы президенттик администрациядагы ишенимдүү булагына таянып, Янукович саат 22:40та Харьковго учуп кеткенин кабарлады.

Бирок башка басылмалар жана агенттиктер Януковичтин Харьковго барганын тактай албай жатышканын “Азаттыктын” орус кызматы жазып чыкты. Харьковдогу ИТАР-ТАСС агенттигине президенттик учак аэропортко конбогону тууралуу маалымдашкан. Буга чейин ММКда Харьковдо “түштүк-батыш облустардын депутаттарынын съезди” өтөрү ага Янукович катышары тууралуу маалымат тараган.

Киевдеги tyzhden.ua интернет-басылмасы Майдан жана Жогорку Рада, президенттин администрациясы баштаган бир катар административдик имараттар оппозициянын колуна өткөнүн кабарлады.

Мурдараак белгилүү болгондой, оппозициянын “Янукович отставкага кетсин” деген ультиматумунун мөөнөтү саат 10:00до бүтмөк.

Украинанын 5-каналы өлкөнүн ар кайсы тарабындагы Януковичтин бийлигине кызмат кылган чиновниктердин кетүүсүн талап кылган кадрларды көргөзүүдө.

Украинанын шаарларында курман болгондорго аза күтүшүүдө.

XS
SM
MD
LG