Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:06

Ош милициясынын башчысы Өмүрзаков генерал наамын алды


Бул тууралуу президент аппаратынын маалымат бөлүмү билдирди.

Атамбаевдин жарлыгына ылайык, Ош шаары жана облусу боюнча ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчиси Сүйүн Өмүрзаковго милициянын генерал-майору наамы ыйгарылды.

Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов кызматтан четтетилген соң маалымат каражаттарында жана коомчулуктун арасында мэрликке Сүйүн Өмүрзаковдун талапкерлиги айтылып келген.

2013-жылдын декабрында өткөн жыйында Мырзакматовдун “Улуттар биримдиги” саясий партиясынын мүчөлөрү кабыл алган резолюцияда Өмүрзаковдун жумуштан кетишин талап кылган пункт бар болчу. (SA)

 

XS
SM
MD
LG