Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:00

Олимпиадада Норвегия спортсмендери - сап башында


Норвегиялык спортчулар тобу. Сочи. 20.2.2014.
Норвегиялык спортчулар тобу. Сочи. 20.2.2014.
Сочидеги Кышкы Олимпиада оюндарынын бүтүшүнө бир гана күн калды.
Бүгүн (22-февралда) Финляндиянын жана АКШнын хоккейчилери коло медаль үчүн таймашат. Эртең Швеция жана Канаданын хоккейчилери алтын медаль үчүн беттешет.
Бүгүн аялдар 30 чакырымга чаңгы (лыжа) тебүүдөн жарышат жана кышкы спорттун башка түрлөрүнүн жеңүүчүлөрү аныкталат.
Азыр командалык эсепте Норвегия 10 алтын, 4 күмүш жана 8 коло медаль утуп, биринчи орунда баратат.
Орусияда 9 алтын, 10 күмүш, 7 коло медаль, Канадада 9 алтын, 10 күмүш, 5 коло медаль жана төртүнчү орундагы АКШда - 9 алтын, 7 күмүш жана 11 коло медалы бар.

XS
SM
MD
LG