Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Июль, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:39

Пакистанда 9 жоочу жок кылынды

Пакистан аскерлеринин тикучардан урган соккусу 9 жоочуну жок кылды. Сокку Хайбер Пактунква провинциясынын Хангу районундагы Таал кыштагынын жанындагы козголоңчулардын машыгуу борборуна бүгүн (22-февралда) урулганын Пакистандын коопсуздук күчтөрү кабарлады.
Пакистандын түндүк батышындагы Хангу району талиптер жана “ал-Кайида” менен ымалалаш согушчандар өздөрүн ээн-эркин сезген Оракзай региону менен чектешет.
Апта башында аскерий учактар адаватчы деп шектелген жоочулардын аймактагы тымызын өргүү жайларына чабуул жасап, кеминде 35 согушчанды жок кылган.
XS
SM
MD
LG