Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:45

Жумгал: милицияга нааразы болгондор чогулуп турат


Учурда Жумгал райондук администрациясынын алдына 20дай адам чогулуп милицияга нааразылык билдирип турушат. Бул тууралуу “Азаттыкка” укук коргоочу Дамира Садырбаева билдирди. Ал “20-февралда Айбек Мамбеталиевди Кара-Кече көмүр кенинде өлтүргөн деп шектелген 3 милиция кызматкердин сотуна катышкандарга милиция кысым көрсөтүп жатат жана камалгандар бошотулсун”, – деди.

Чогулгандардын жакындары болгон 7 адам азыр Облустук ички иштер башкармалыгын убактылуу кармоочу жайына камалган.

Алар 20-февралда Жумгал районунда өтүп жаткан соттук процесс маалында айыпталуучуларга өрт коюп, аларды ур-токмокко алууга тиешеси бар деп шектелүүдө. (TSh/SA)

XS
SM
MD
LG