Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Мекен коргоочуларга мамлекеттик сыйлыктар ыйгарылды


Президент Алмазбек Атамбаев Ата Мекенди коргоодо, кызматтык парзын аткарууда көрсөткөн каармандыгы жана эрдиги үчүн 26 адамга ар кандай деңгээлдеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгарды.

Бул тууралуу “Азаттыкка” Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

III даражадагы “Манас” ордени менен 3 адам сыйланды. Алардын арасында Ысык-Көл облусунун мергенчилер жана балык улоочулар коомунун мурдагы директору, чек араны бузуп кирген топ тарабынан өлтүрүлгөн Александр Барыкин да бар.

“Эрдик” медалы менен 19 адам сыйланып, 4 адамга "Ардак грамота” тапшырылды.

Жалпы 26 сыйлыктын 17си Чек ара кызматындагыларга берилди. (SA)

XS
SM
MD
LG