Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:51

Москва Украинанын суверендүүлүгүнө коркунуч бар деп эскертти


Орусия украиналык “экстремисттер” өлкөнүн эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратууда деп эскертти. Тышкы иштер министрлиги 22-февралда жарыялаган билдирүүдө украин оппозициясы өлкөдөгү саясий кризисти токтотуу боюнча келишимди аткарбаганы көрсөтүлөт. Ошондой эле оппозиция "жаңы талаптарды коюп, өзүн Украинанын конституциялык түзүлүшүнө жана суверендүүлүгүнө түз коркунуч туудурган куралдуу экстремисттер менен талап-тоногучтарга жетелетип алды” деп сындалды.

Ушу тапта Франциянын жана Германиянын тышкы иштер министрлери Лоран Фабиус жана Франк-Вольтер Штайнмайер украин өкмөтүн жана оппозицияны зобун-зордуктан карманууга, жума күнү жетишилген келишимди урматтоого чакырды. Президент Янукович жана оппозиция лидерлери арасында 21-февралда жетишилген келишимге Евробиримдиктин министрлери арачылык кылган.

XS
SM
MD
LG