Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Жумгалдагы окуя боюнча кылмыш иши козголду


Башкы прокуратура Жумгалдагы сот учурунда болгон окуяга байланыштуу “адам өмүрүнө кол салуу”, “сот органдарынын ишине жолтоо кылуу”, “мамлекеттик кызмат өкүлөрдүнө кол көтөрүү” жана “мамлекеттин мүлкүн талкалоо” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.

20-февраль күнү Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине Жумгал райондук сотунун залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Соттолуучулардын бири Жоомарт Сыдыковдун абалы оор. Дагы бир соттолуучу Чыңгыз Баялиевдин абалы туруктуу. Дайынсыз кеткен соттолуучунун бири - Р.Токтогуловду издөө иштери уланууда.

Кечээ, 22-февралда Жумгал райондук администрациясынын алдына 20дай адам милицияга нааразылык билдирип чыгышкан. Алар сотко катышкандарга милиция кысым көрсөтүп жатканын айтышкан. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG