Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:21

Аба ырайы: чукул эскертүү


Кыргызстанда 24-25-февралда аба ырайы кескин өзгөрүлөт. Мезгил-мезгили менен кар жаап, кээ бир райондордо кар калың түшөт. Электр зымдарына жана бактарга суу кар жармашат, жолдор тоңголок, тайгак болушу жана кар күрткүсү күтүлөт. Абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 15…20 градус суук, айрым жерлерде 25 градус, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 9…14, күндүз 2…7 градус суук болот. Мындай аба ырайы кыштоо жайыттарда малды кармоону кыйындатат, автоунаа, байланыш түйүндөрүн, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин татаалдантат. Кар көчкү жүрүүчү аймактардагы жолдордо унаалардын ортосунда 500 метр аралык сакталышы зарыл.

Аба ырайы

24-февралда көпчүлүк аймактарда кар жаайт, айрым жерлерге кар калың түшөт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, айрым жерлерде 15-20 метр, Ысык-Көл кылаасында 19-24 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн -15...20, күндүз -5...-10,
Талас жергесинде түнкүсүн -19...-24, күндүз -9...-14,
Баткенде түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8,
Ош жана Жалал-Абад аймактарында -9...-14, күндүз -3...-8,
Ысык-Көлдө түнкүсүн -7...-12, күндүз -1...-6,
Нарын облусунда түнкүсүн -20...-25, күндүз -8...-13,
Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -26...-31, күндүз -10...-15 болот.

Бишкекте 24-февралда кар жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болуп, кар күрткүсү түшөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 5-10 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн -16…-18, күндүз -5…-7 градус болот. (КЕ)

XS
SM
MD
LG