Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:03

Украина: Янукович Донецктен уча алган жок


Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Виктор Янукович түшкөн чартердик учакка ишембиде Донецк шаарынан учуп чыгууга уруксат берилбегенин билдирди. Чек ара кызматынын төрагасынын жардамчысы Сергей Астахов билдиргендей, учак тиешелүү кагаздар толтурбастан эле учууга камынган. Чек арачылардын маалыматы боюнча, текшерүүчүлөр документтерди толтуруу үчүн келгенде аларды куралчан адамдардын тобу тосуп алып, акча сунуштаган. Чек арачылар тиешелүү документтер толтурулбагандыктан, учууга уруксат бербей койгондо, учактын алдына сооттолгон эки автомашина келген. Самолеттун ичинен чыккан Янукович машинелердин бирөөнө отуруп, аэропорттон чыгып кеткен.

Виктор Янукович кайда багыт алганы азырынча белгисиз. Чек ара кызматы азырынча ал өлкөнүн чек арасынын башка пункттарында көрүнбөгөнүн кабарлады.

Ишембиде Жогорку Раданын депутаттары Виктор Януковичти президенттиктен кетирүүгө добуш берип, президенттик шайлоону 25-майда өткөрүүгө чечим кабыл алды. Киевде антиөкмөтчүл демонстранттар менен полиция ортосунда 18-февралда башталган кагылышууларда набыт болгондордун саны 82ге жетти. Украинанын Саламаттыкты сактоо министрлиги медициналык жардамга кайрылган 620дан ашык адамдын 405и ооруканага жаткырылганын билдирди.

XS
SM
MD
LG