Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:21

Жумгалда 15 адамдын дайыны чыкпай жатат


Жумгалдагы сотто болгон окуяга байланыштуу суракка чакырылган 15 кишинин дайыны жок болуп жатканын “Азаттыкка” жергиликтүү кук коргоочу Дамира Садырбаева билдирди. Анын айтымында, кечээ сурак берүүгө 21 адам чакырылган. Ушул тапта дайыны чыкпай жаткан адамдардын ата-энеси жана жакындары Жумгалдан Нарын шаарына барышты. Алар милициядан, тиешелүү органдардан жакындарынын дайынын билип берүүнү суранып жатышат.

20-февраль күнү Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине Жумгал райондук сотунун залында жабырлануучу тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Укук коргоочу Садырбаева сотко катышкандарды милиция кысымга алып, камалгандарын сабап жатат деп билдирди.

Ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Жоробай Абдраимов камалгандар уруп-сабалды деген маалыматты четке какты. Ал козголгон кылмыш иштин негизинде ону камалып, калган төртөө облустук ички иштер башкармалыгында сурак берип жатканын "Азаттыкка" билдирди. Башкы прокуратура сотто болгон окуяга байланыштуу төрт берене боюнча кечээ, 22-февралда кылмыш ишин козгогон. (TSh/КЕ)

XS
SM
MD
LG