Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:11

Стамбул: интернетке көзөмөл жүргүзүүгө каршыларды полиция таратты


Түркиянын полициясы ишембинин кечинде Стамбулдун борборуна чогулган демонстранттарга каршы көздөн жаш агызган газ чачып, суу бүркүгүчтөрдү колдонду.

Активисттер Эрдогандын өкмөтүнүн интернетке көзөмөлдү күчөтүү боюнча чечимине каршылык билдирип чыгышкан. Полициядан качкан демонстранттар Таксим аянтына орун которгон. Эл көп жүргөн Истиклял көчөсүндө баррикада тургузулуп, демонстранттар калдыктар салынган челектерди өрттөштү.

Соттун чечимине чейин эле интернет-сайттарды жаап салуу сыяктуу шарттарды камсыздаган мыйзамга шейшембиде президент Абдулла Гүл кол койгон. Жаңы мыйзамга каршы чыккандардын акциялары жекшембиде Анкара менен Измирде уланаары кабарланды.

XS
SM
MD
LG