Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Апрель, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:05

Ооганстан: Кунардагы аскерий базага кол салынды


Жекшембинин таңында талиптер Кунар провинциясында улуттук армиянын базасына кол салып, 19 аскерди өлтүрүп, бир нече кишини уурдап кеткенин жергиликтүү бийликтин кеңсесинен билдиришти. Кол салуу Пакистан менен чектеш тоолордогу Газиабад районунда болгон. Барымтага алынган аскерлерди бошотуу боюнча атайын операция башталды.

Дагы бир маалымат боюнча, талиптердин өкүлү Забиулла Муджахид ооган өкмөтү менен Кошмо Штаттардын абактагыларды алмашуу боюнча сүйлөшүүлөрүнө исламчылар каршы экенин айткан. Мындай чечимди исламчылар “Ооганстандагы соңку саясий кризис” жана андан пайда болгон “кыйынчылыктар” менен байланыштырган.

Вашингтон Гуантанамо абагында жаткан беш оогандык талипти 2009-жылы Ооганстанда талиптердин колуна түшүп калган Боуи Бергдал менен алмашууну сунуштаган. Сүйлөшүүгө Катар ортомчулук кылууда.

XS
SM
MD
LG