Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:31

Эртелей эне болгон секелектер көбөйүүдө


Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы адиси Айгүл Бообекованын “Азаттыкка” айтымында, өспүрүмдөр арасындагы төрөт жылдан жылга өсүүдө. Былтыр 13 жаштан 17 жашка чейинки 1,5 миңдей өспүрүм кыз төрөгөн. Бул маселе Бишкектин жаңы конуштарында да көп болуп жатканын Ак-Бата жаңы конушундагы №7 бейтапканынын жетекчиси Батма Акматова белгиледи. Анын айтымында, жакынкы убактарда эле конушта беш өспүрүм эне болгон.

Кыргызстанда жылына расмий түрдө 15-17 жаштагы секелектер арасында 1 200 бойдон алдыруу катталат. 2011-жылы миңден ашуун баланы 15-17 жаштагы секелек энелер төрөгөн. Ал эми Евразиядагы мамлекеттердин ичинен 19 жашка чейинки төрөгөндөрдүн саны боюнча Кыргызстан 5-орунду ээлеген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG