Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:11

АКШ жана ЕБнын элчилери Тимошенко менен жолугушту


Ишемби күнү эркиндикке чыккан мурдагы премьер-министр Юлия Тимошенко АКШнын Украинадагы элчиси Жеффри Пайет жана Евробиримдиктин Киевдеги өкүлчүлүгүнүн башчысы Ян Томбинский менен жолугуп, өлкөнү кризистен чыгаруу жөнүндө сүйлөштү. Бул тууралуу "Интерфакс" агенттиги "Батькивщина" партиясынын маалымат кызматына шилтеме жасап билдирди.

Элчилер Тимошенкону абактан чыгышы менен куттуктап, тезирээк сакайып кетүүсүнө тилектештик билдиришти. Жолугушууда Украинанын бүтүндүгүн сактап калуу жана карапайым адамдарды атууга ким буйрук бергенин аныктоо маанилүү маселе экенин белгиленди.

Томбинский келаткан аптада Евробиримдиктин тышкы иштер мекемесинин башчысы Кэтрин Эштон Украинага келээрин билдирип, анын Тимошенкого жолдогон саламын айтты.

21-февралда украин парламенти Тимошенкону абактан чыгарууга уруксат берүүнү колдоп, добуш берген. Тимошенко премьер-министр кезинде кызматынан кыянаттык менен пайдаланган деп айыпталып, 2011-жылы 11-октябрда жети жылга соттолгон.

XS
SM
MD
LG