Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Сентябрь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 09:18

Турчинов украин президентинин милдетин аткарат

Жогорку Рада парламент спикери Александр Турчиновго Украинанын президентинин милдетин убактылуу аткарууну жүктөдү. Анын талапкерлигин парламенттин 282 депутаты колдоду. Ал бул милдетти 25-майга белгиленген президенттик шайлоого чейин аткарат.

Депутаттар ошондой эле Януковичтин Киев облусундагы Межигорье резиденциясын мамлекетке өткөрүп алууга добуш беришти.

Турчинов парламенттик көпчүлүктөн 25-февралга чейин убактылуу өкмөт курууну өтүндү. Ишембиде абактан чыккан экс-премьер Юлия Тимошенко болсо анын талапкерлигин премьер-министрликке карабоону өтүндү.

Ал ортодо Виктор Янукович кайда экени дагы деле белгисиз, ишембиде ал кызматтан чегинбей турганын айтып, парламенттин чечимин мыйзамсыз деп баалаган.
XS
SM
MD
LG