Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:13

Кэтрин Эштон Украинада бийлик өкүлдөрү менен жолугат


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон дүйшөмбүдө эки күндүк иш сапары менен Киевге келет. Ал Украин бийлигиндеги жаңы лидерлер менен жолугуп, өлкөдөгү саясий жана экономикалык кризистен чыгуу жолдорун талкуулайт.

23-февралда украин парламенти президенттин милдетин убактылуу аткарууну парламенттин спикери, экс-премьер-министр Юлия Тимошенконун партиялашы Александр Турчиновго жүктөгөн. Ал президенттин милдетин 25-майга белгиленген шайлоого чейин аткарат.

Мамлекетти буга чейин башкарып келген Виктор Янукович 22-февралда Киев шаарынан чыгып кеткен. Анын азыр кайда экени беймаалым. Мамлекеттик Чек ара кызматы ишембиде Донецк шаарынан учууга камынган чартердик учакка уруксат берилбеген соң, анын ичинен чыккан Янукович ок өтпөгөн машинеге отуруп, аэропорттон белгисиз тарапка чыгып кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG