Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:10

Дүйнөгө белгилүү ырчылар Борбор Азияга келет


Борбор Азия мамлекеттеринде жаз айында болчу дүйнө жылдыздарынын концертин кыргызстандык продюсер Ислам Сатаров уюштурууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” Сатаров өзү билдирди. Анын айтымында, апрель айынан тарта Стас Михайлов, Томас Андерс, Тото Кутуньо, Лара Фабиан, Мустафа Сандал жана Bаскstreet boys тобунун концерттери тартууланат.

Кыргызстандык ыр ышкыбоздору май айында белгилүү Modern Talking тобунун аткаруучусу Томас Андерстин концертине күбө болушат. Башка ырчылар Ташкентте, Алматыда, Астанада жана Үрүмчүдө концерт коёт.

Эл аралык Attack concerts компаниясынын мүчөсү Ислам Сатаров Борбор Азияда маданий иш-чараларды уюштуруу максатында дүйнө жылдыздары менен өткөн аптада сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, макулдашкан. (SE)

XS
SM
MD
LG