Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:57

Кулматов: Мамтил боюнча программа үч этаптан турат


Кыргызстанда мамлекеттик тилди өнүктүрүү жана тил саясатын өркүндөтүү боюнча улуттук программа үч этап менен ишке ашырылат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын төрага орун басары Алмаз Кулматов билдирди. 2014-2020-жылдарга эсептелген бул программа тилди үйрөнүүгө шарт түзүү, окуу китептерин басып чыгаруу сыяктуу иш-чараларды камтыйт.

Улуттук программа жакынкы аралыкта Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү боюнча улуттук кеңештин жыйынында талкууланмакчы. Буга чейин президент Алмазбек Атамбаев мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча жумушчу топ түзгөн. Ага аталган программаны иштеп чыгуу тапшырылган болчу.(BkA)

XS
SM
MD
LG