Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:08

Януковичти камоого буйрук берилди


Украинанын ички иштер министри өлкө президенттигинен кулатылган Виктор Януковичти камоого буйрук берилгенин билдирди. Янукович массалык өлтүрүүгө байланыштуу күнөөлөнүп жатат. Бул тууралуу ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсен Аваков Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасында жарыялады. Өткөн жумадагы кагылышууларда Украинада 80ден ашуун адам каза тапкан. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, алардын көбү демонстранттар

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон дүйшөмбү күнү эки күндүк иш сапары менен Киевге келет. Ал украин бийлигиндеги жаңы лидерлер менен жолугуп, өлкөдөгү саясий жана экономикалык кризистен чыгуу жолдорун талкуулайт.

23-февралда украин парламенти президенттин милдетин убактылуу аткарууну парламенттин спикери, экс-премьер-министр Юлия Тимошенконун партиялашы Александр Турчиновго жүктөгөн. Ал президенттин милдетин 25-майга белгиленген шайлоого чейин аткарат.

Мамлекетти буга чейин башкарып келген Виктор Янукович 22-февралда Киев шаарынан чыгып кеткен. Анын азыр кайда экени беймаалым. Мамлекеттик Чек ара кызматы ишембиде Донецк шаарынан учууга камынган чартердик учакка уруксат берилбеген соң, анын ичинен чыккан Янукович сооттолгон машинеге отуруп, аэропорттон белгисиз тарапка чыгып кеткенин билдирген.

XS
SM
MD
LG