Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:07

Ошто террорчу деп шектелген жаран кармалды


Ош шаарындагы аэропортто тыюу салынган "Өзбекстан ислам кыймылынын" мүчөсү деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 32 жаштагы жаран Орусиядан Ошко келе жаткан. Милиция ал буга чейин Пакистандын Вазиристан аймагында атайын даярдыктан өткөн, кийин Түркияда жашап, кыргыз жарандарын Сирияга жөнөтүүгө үгүттөгөн деп эсептейт.

Кылмыш иш козголуп, шектүү жаран ички иштер башкармалыктын убактылуу кармоо жайына камалды.(BkA)

XS
SM
MD
LG