Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Грузиянын мурдагы коргоо министринин адвокаты камалды


Грузиянын мурдагы коргоо министри Бачо Ахалаянын адвокаты камалды. Грузиянын Башкы прокуратурасы дүйшөмбү күнү адвокат Георгий Ониани жасалма далилдерди даярдаганы жана 2011-жылы Тбилисинин райондук полиция жетекчисинин орун басары учурунда полицияда бир адамды мыйзамсыз кармаганы боюнча шектелип камалганын билдирди.

Ониани өзүнүн камалышын саясий себептер менен байланыштырууда. Ал коргоп жаткан Ахалая 2012-жылы Жаза аткаруу департаментинин башчысы болуп турганда кызматынан кыянаттык менен пайдаланганы үчүн камалган. Былтыр октябрда Ахалая 2006-жылы түрмөдөгү көтөрүлүш учурунда ашыкча күч колдонгон деп төрт жылга кесилген. (AiK)

XS
SM
MD
LG