Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:59

Москвада Болотная окуясы боюнча өкүм угузулду


Москванын Замоскворецк райондук соту Болотная окуясы боюнча соттолгон сегиз адамдын өкүмүн угузду. Ал боюнча Александра Духанина шарттуу түрдө үч жыл үч айга, Андрей Барабанов үч жыл жети ай жалпы тартиптеги колонияга кесилди. Степан Зимин, Денис Луцкевич жана Алексей Полихович үч жарым жылдан кесим алды. Артем Савелов эки жыл жети ай, Ярослав Белоусов эки жарым жылга кесилди. Эң катуу жаза - төрт жыл Сергей Кривовго жарыяланды. Баарынын жаза мөөнөтү тергөө абагында отурган айларды эске алуу менен берилди.

Өткөн жума күнү соттолуучулардын баары массалык башаламандыктар боюнча күнөөлүү деп табылган. 2012-жылдын 6-майында Москванын Болотная аянтында оппозициянын акциясы учурунда полиция менен кагылышуу болгон. (AiK)

XS
SM
MD
LG