Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, Кеминдин Чым-Коргон айылында жайгашкан психиатриялык ооруканада тиешелүү күзөттүн жоктугунан дарыгерлер коркунучта иштеп келет. 2009-жылдан бери 132 оорулуу качып, дарыгерлерге кол салуу учурлары да болгон. Кол салуудан 1 дарыгер каза тапкан. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги психиатриялык ооруканалардагы күзөттү күчөтүүнү суранууда.
Буга чейин Жалал-Абаддын Кызыл-Жар айылындагы психиатриялык ооруканага байланыштуу эки кылмыш иш козголгон. Аталган ооруканада дарыланып жатат деп катталган эки адам оор кылмышка катышканы далилденген. Ички иштер министрлиги бул ооруканада тинтүү жүргүзгөндө айрым бейтаптар каршылык көрсөткөн. Тинтүү жыйынтыгында ооруканадан маңзат жана курал табылган.(BkA)