Бул тууралуу парламенттин спикери, президенттин милдетин аткаруучу Александр Турчинов билдирди. Турчиновдун айтышынча, Боршайком Жогорку Раданын чечимине ылайык, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өнөктүгү башталганы тууралуу маалыматты жана иш-чаралардын жадыбалын сайтына жайгаштырат. Президенттикке биринчи талапкерлер 25-февралда билине башташы ыктымал. Турчинов кошумчалагандай, Рада шейшемби күнү 2014-жылдын бюджетинен шайлоого каражат бөлүштүрүп, ага даярдык көрө башташы керек. (AiK)