Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:21

ЕБ Украинанын жаңы бийлигин тааныды, Орусия күмөн саноодо


Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Украинадагы мамлекеттик бийлик бутактарынын мыйзамдуулугу шек туудурат деген пикирин билдирди. Медведев айрым өлкөлөрдүн Украинанын жаңы бийлик башчыларын таанып жатышын "аң-сезимдин аберрациясы" деп сыпаттады. Орусия жекшемби күнү Украиндагы элчиси Михаил Зурабовду чакыртып алган.

Еврокомиссия Александр Турчиновдун президенттин милдетин аткарып жатышын легитимдүү деп тааныды. Еврокомиссиянын маалымат катчысы Оливье Байи Брюсселде украин парламенти ишемби күнү Турчиновду Януковичтин ордуна дайындоо менен “мыйзамдуу жана демократиялык чечим” кабыл алгандыгын айтты (AiK).

XS
SM
MD
LG