Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:48

Уганда президенти кумсаларга каршы талаштуу мыйзамга кол койду


Уганданын президенти Йовери Мусевени бирдей жыныстагы адам менен сексуалдык катнашта богондугу үчүн көп жылга эркинен ажыратууга жол ачкан талаштуу мыйзамга кол койду. Өз резиденциясында журналисттердин көзүнчө мыйзамга кол коюп жаткан маалда Мусевени "гомосексуалдуулук Батыштын лоббилери" тарабынан жайылып жатат деген оюн айтты. Бийлик өкүлдөрү мыйзамдын жактырылышын кол чабуу менен кубатташты.

Чыгыш Африкадагы Уганда мамлекети Сомалидеги исламчыл экстремизмге каршы күрөштө Батыштын эң башкы союздашы. Ошентсе да АКШнын президенти Барак Обама мындай кадамдан кийин Кампала менен Вашингтондун мамилеси бузуларын эскертти. Актвисттер болсо Угандада сексуалдык азчылыктарды куугунтуктоо күчөйт деп кооптонуп жатышат. (AiK)

XS
SM
MD
LG