Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:23

Тажикстанда “Азаттыктын” тажик кызматынын сайты жабылды


Тажикстанда 15-февралдан бери "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын тажик кызматынын эки сайты тең (тажик, орус тилдериндеги) ачылбай жатат. Вебсайттардын (ozodi.org, rus.ozodi.org) төрт ири интернет-провайдерлер тарабынан тосмолонушу Украинадагы окуяларды активдүү чагылдырууга туш келди. Ири провайдерлердин Тажикстандагы жалпы саны - алты.

“Озоди” радиосу өз булактарына таянып, 24-февралда Тажикстандын Байланыш кызматынын кеңсеси “Озоди” радиосунун эки сайтын "убактылуу жабуу" боюнча провайдерлерге кагаз жүзүндө буйрук бергенин кабарлоодо. 24-февралда АКШнын Тажикстандагы элчилиги «Озоди» радиосунун веб-сайттарынын тосмолонушу боюнча кооптонуусун билдирди. "Эркин Европа/Азаттык" үналгысынын президенти Кевин Клоз тажик бийликтеринин бул кадамын сындады.

Тажикстанда “Озоди" альтернативдүү мааыматтын булагы катары таанымал. (AiK)

XS
SM
MD
LG