АКШ бийлиги Виктор Януковичти Украинанын президенти катары эсептебей турганын жарыялады. Ошол эле учурда Вашингтон азыркы өлкөнү башкарууга киришкен жаңы бийликти таануу боюнча пикирин ачык айта элек. Ак үйдүн өкүлү Жей Карни дүйшөмбү күнкү билдирүүсүндө Барак Обама Александр Турчиновду украин парламенти президенттин милдетин аткаруучу катары туура тандаганын айткан. Бирок "Турчиновду Вашингтон мыйзамдуу лидер катары тааныйбы?” деген суроого Карни жооп берүүдөн баш тартты.
Ак үй өкүлү кошумчалагандай, АКШ бийлиги Украинада экономикалык стабилдүүлүктү калыбына келтирүү үчүн жардам көрсөтүүгө даяр.
24-февралда Еврокомиссия Александр Турчиновдун президенттин милдетин аткарышын легитимдүү деп тааныган. Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведев Украинадагы бийлик бутактарынын мыйзамдуулугу шек туудурат деген пикирин айткан.