Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:37

Парламентте премьерге каршы кол топтоо уланууда


Жогорку Кеңеште өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиевге ишеним көрсөтпөө боюнча кол топтоо уланууда. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Республика” фракциясынын лидери Назарали Арипов билдирди. Демилгени аталган фракция өкүлдөрү көтөрүп чыккан болчу.

Ариповдун айтымында, премьер-министрге ишеним көрсөтпөө боюнча сунушка 40тан ашуун депутат макулдук берди. Жакында бул маселе парламенттин жалпы жыйынында каралышы мүмкүн.

Мыйзам боюнча Жогорку Кеңештеги 120 депутаттын үчтөн бири демилгени колдосо, маселе жалпы отурумда каралат. (BkA)

XS
SM
MD
LG