Бул тууралуу тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, Киевдеги окуялар учурунда жабыркагандар арасында кыргызстандыктар жок. Министр кошумчалагандай, кыргызстандыктарга бул өлкөдөгү абал боюнча маалымат берилди. Киевдеги элчиликте атайын телефон кызматы ачылды.
Украинада оппозициянын демонстрацияларынан кийин бийлик алмашып, убактылуу президент дайындалды. Акыркы апталарда кагылыштарда аз дегенде 80 киши набыт болду.(BkA)
Украинада оппозициянын демонстрацияларынан кийин бийлик алмашып, убактылуу президент дайындалды. Акыркы апталарда кагылыштарда аз дегенде 80 киши набыт болду.(BkA)