Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:11

Дулат Исабековдун пьесасы Лондондо коюлат


Тумандуу Альбиондун борбору – Лондон, 11-декабрь, 2013-жыл
Тумандуу Альбиондун борбору – Лондон, 11-декабрь, 2013-жыл
Кыргызстанда туулган режиссёр Юлдош Журабоев белгилүү казак жазуучусу Дулат Исабековдун "Транзиттик жүргүнчү" пьесасын британ калаасында сахналаштырат. Оюн Лондондогу Lion and Unicorn театрында 7-апрелден 12-апрелге чейин коюлат. Бул тууралуу аталган театр кабарларды. Пьеса Англияда алгачкы жолу коюлганы жатат.

Спектаклде жакындарынан айрылган адамдын жалгыздыгы, руханий ачарчылык, ата-бала муундар маселеси жана эки бейтааныштын тууган болуп чыкканы өңдүү темалар көтөрүлөт. "Транзиттик жүргүнчү" буга чейин Казакстандан тышкары Дүйшөмбүдө, Москвада жана Санкт-Петербургда коюлган.

Казакстандын мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты Дулат Исабеков – 1942-жылы Казакстанда туулган. Анын чыгармалары орус, кыргыз, мажар, чех, немис жана поляк тилдерине которулган. Исабековдун жылдызы 1963-жылы "Жолдо" чыгармасы менен жанган. (BAz)

XS
SM
MD
LG