Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:24

Ош: Шайлоо комиссиясынын жетекчиси кылмышка шектелүүдө


Ошто аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы мас абалында жол кырсыгына себепкер болгон деп шектелүүдө. Бул тууралуу "Азаттыкка" Ош шаардык жол коопсуздугун көзөмөлдөө башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, автокырсык 23-февралдын түнүндө Ош шаарынын Пирманов жана Сүйүнбаев көчөлөрүнүн кесилишинде катталган. Honda үлгүсүндөгү унаанын жүргүнчүсү ооруканага кайрылган.

Honda менен кагышкан RAV 4 унаасынын мас абалдагы айдоочусу МАИ кызматкерлерине аймактык шайлоо комиссиясынын төрагасы Рысбек Нурдинов экенин тастыктаган күбөлүгүн көрсөткөн. Окуя боюнча материалдар сотко жөнөтүлдү. (YI)

XS
SM
MD
LG