Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:53

Жумгал: Соттогу окуя боюнча он адам камалды


20-февралда Жумгал райондук сотунда соттолуучуларды өрттөөгө аракет кылган деген шек менен 10 адам эки айга камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Нарын ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Медина Султаналиева маалымдады.

Башкы прокуратура Жумгалдагы сот учурунда болгон окуяга байланыштуу Кылмыш кодексинин “Адам өмүрүнө кол салуу”, “Сот органдарынын ишине жолтоо кылуу”, “Мамлекеттик кызмат өкүлүнө кол көтөрүү” жана “Мамлекеттин мүлкүн талкалоо” беренелери боюнча кылмыш иш козгогон. Учурда иликтөө жүрүүдө.

Ошол эле учурда Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин адвокаты Жандар Мамытбеков ишти Ички иштер министрлиги менен Башкы прокуратура тергешин талап кылууда. Мамытбековдун жүйөөсүндө, Нарын облустук милициясы ишти калыс тергебей коюшу мүмкүн. Себеби Мамбеталиевдин өлүмүнө шектүү делинип жаткан милиция кызматкерлери аталган мекемеде иштейт.

20-февралда Жумгалдагы Кара-Кече көмүр кенинде каза болгон Айбек Мамбеталиевдин өлүмү үчүн айыпталып жаткан үч милиция кызматкерине Жумгал райондук сотунун залында жабыркаган тарап бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган. Соттолуучулардын бири Жоомарт Сыдыковдун абалы оор. Дагы бир соттолуучу Чыңгыз Баялиевдин абалы туруктуу. Ал эми үчүнчүсү Рустам Токтогуловдун дайыны жок болууда. (TSh\BkA)

XS
SM
MD
LG