Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:01

Пакистанда кеминде 30 согушкер жок кылынды


Согушкерлер уруулардын башкаруусундагы Түндүк Вазиристан регионундагы жабыт жайларга абадан урулган соккунун натыйжасында жок кылынганын Пакистан армиясы 25-февралда маалымдады. Сокку урулган Шавал өрөөнү жана Даттакел аймагында согушкерлердин машыгуу борборлору жана лагерлери жайгашкан. Ай башында Пакистан өкмөтү менен талиптердин тынчтык сүйлөшүүсү үзгүлтүккө учурагандан кийин аларга каршы армия кеңири масштабда чабуул баштаган. Түндүк Вазиристандын калкы уруш жүрүп жаткан аймактарды таштап кетүүдө. Бозгундардын көбү Хайбер-Пахтунква провинциясындагы Банну, Кохат аймактарынан жана Пешавар шаарынан баш паанек табууда.

XS
SM
MD
LG