Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:09

"Элдик фронт" кыймылынын башчысы камалды


Кыргызстанда оппозициялык «Элдик фронт» кыймылынын башчысы Абдималик Мырзаев баштаган төрт адам камакка алынды. Бул тууралуу “Азаттыкка” “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Булекбаев билдирди. Анын айтымында, камалгандарга Кылмыш кодексининин “Мыйзамсыз түрдө куралдуу кошуундарды уюштуруу жана ага катышуу”, “Бийликти күчкө салып тартып алуу же бийликти күч менен кармап туруу” беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Учурда алар УКМКнын тергөө абагында кармалууда. Бул боюнча Улуттук коопсуздук комитети расмий маалымат тарата элек.

Мырзаев 2010-жылдагы Апрел окуясынан кийин Улуттук банктын төрага орун басары болуп турган. Андан соң оппозициялык уюм түзүп, учурдагы бийликке сын айтып келген. (ZB\BkA)

XS
SM
MD
LG