Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:04

ТИМ: Жириновскийдин билдирүүсү тынчсыздандырат


Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Орусиянын Либерал-демократтар партиясынын лидери, Мамлекеттик Думанын вице-спикери Владимир Жириновскийдин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча айтканына байланыштуу атайын билдирүү даярдап жатат. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат катчысы Турдакун Сыдыков билдирди. Анын айтымында, Жириновскийдин Борбор Азия боюнча айткандары "Кыргызстанды кооптондурат жана нааразылык жаратпай койбойт". Ошондуктан министрлик атайын билдирүү даярдап жатат.

Владимир Жириновскийдин билдирүүсү тууралуу Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Каныбек Иманалиев да тынчсыздануу билдирди. Иманалиев аны жоопкерсиз жана чагымчыл деп атап, бул Кыргызстандын Бажы биримдигине жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кошулуу боюнча аракеттерге тоскоол болоорун эскертти.

Буга чейин Кыргызстан парламенти Жириновскийди персона нон-грата деп атаган.

23-февралда Владимир Жириновский Украинадагы окуяга байланыштуу сүйлөп жатып, Борбор Азиядагы көз каранды эмес өлкөлөрдүн макамы боюнча пикирин айткан. Орусия "бир гана Украинаны эмес, Борбор Азиядагы башка өлкөлөрдү да катуу кармаш керек" деген оюн билдирген. Ал Борбор Азияны Орусияга федерация катары кошуп, борбор калаасы Верный (учурдагы Алматы шаары) болушу керектигин айткан болчу. (BkA)

XS
SM
MD
LG