Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:33

Жалал-Абадда миңге жакын этникалык кыргыз жарандык алды


Жыл башынан бери Жалал-Абад облусуна башка өлкөлөрдөн мурда көчүп келип отурукташып калган 723 этникалык кыргыз жарандык алды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" облустук паспорт-виза каттоо бөлүмүнөн кабарлашты.

Расмий маалымат боюнча, облуста 5231 этникалык кыргыз жашайт. Алардын 4509у Өзбекстандан, 155и Тажикстандан, 13ү башка өлкөлөрдөн көчүп келген.

3749 этникалык кыргыз кайрылман күбөлүгүн алса, президенттин жарлыгы менен жакында 723ү Кыргызстандын жарандыгына ээ болду. 2011-жылдан бери кыргыз жарандыгын алууга 1117 киши кайрылган. (YA)

XS
SM
MD
LG