Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:47

"Манастагы" Транзит борбор 10-июлга чейин чыгарылат


“Манас” аба майданындагы Транзиттик жүк ташуу борбору ушул жылдын 10-июлуна чейин чыгарылат. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган борбордун маалымат кызматынан кабарлашты. Борбордун бир бөлүгү Румыниядагы базага көчүрүлөт. Калганы Кошмо Штаттарга ташылып кетмекчи.

Борбордо кечээтен тарта учактарды кара май менен камсыз кылуу миссиясы аяктады. “Манастагы” Транзит борбор жөнүндөгү кыргыз өкмөтү менен АКШ өкмөтүнүн ортосундагы макулдашууга 2009-жылы кол коюлган. Ижара мөөнөтү 2014-жылдын соңунда аяктайт деп жазылган. Бирок былтыр 26-июнда Кыргызстан ал документти бир тараптуу денонсациялаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG