Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:24

Эштон Орусияны Украинага жакшы коңшу болууга үндөдү


Евробиримдиктин тышкы иштер комиссары Кэтрин Эштон Орусияга кайрылып, Украинага жакшы коңшу катары мамиле жасоого жана өзү тандаган жол менен баруусуна тоскоолдук кылбоого үндөдү. Эштон айым Киевдеги маалымат жыйынында Евробиримдик Украинанын жаңы жетекчилерин “бекем колдоорун” да айтты.

Кэтрин Эштон 22-февралда Виктор Янукович президенттиктен кулатылгандан бери Украинага ырасмий визит менен барган биринчи бийик даражалуу чет элдик дипломат.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бүгүн, 25-февралда Москвадагы пресс-конференцияда Украина Москва же Батыш менен тыгыз мамиледе бол деп мажбурланууга тийиш эмес деп эскерткен эле.

- Украинага же биз мененсиң, же бизге каршысың деп өлкө тандачу жолду таңуулоо коркунучтуу жана натыйжасыз. Биз Украинанын жалпы европалык үй-бүлөнүн бир мүчөсү болуусуна толук кызыкдарбыз,- деди Лавров Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн менен чогуу өткөргөн маалымат жыйынында.

XS
SM
MD
LG