Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:44

Жумгал: Соттогу окуя учурунда 17 милиционер жабыркаган


Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын оперативдик иштер боюнча орун басары Чолпонбек Жусубалиев билдирди. Анын айтымында, учурда жабыркагандардын абалы дурус. Тергөө жүрүп жатат.

Былтыр Кара-Кече көмүр кенинде каза тапкан Айбек Мамбеталиевдин өлүмүнө үч милиционер айыпталууда. 20-февралда маркумдун жакындары Жумгал райондук сотунун залында аларга бензин чачып, өрттөгөнгө аракет кылган.

Милиционерлердин экөө ооруканада. Анын биринин абалы оор. Дагы бири дайынсыз. Окуя боюнча кылмыш иш козголуп, 10 адам эки айга камакка алынып, дагы жети жаран күбө катары сурак берүүдө. (TSh/BkA)

XS
SM
MD
LG