Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Иран Иракка курал сатпасын билдирди


Ирандын Багдаддагы элчиси Хасан Данайфар Ирак менен курал боюнча эч кандай келишим түзүлбөгөнүн билдирди. 24-февралда Рейтер агенттиги ноябрда Ирак өкмөтү Ирандан 195 миллион долларга курал сатып алуу жөнүндө макулдашканын маалымдаган. Бул кабарга байланыштуу Вашингтон Ирак өкмөтүнө кайрылып, Багдад Ирандан курал сатып алуу жөнүндө келишимге кол койду деген кабардын чын-төгүнүн сураган. 24-февралда АКШ Мамдепартаментинин өкүлү Жен Псакинин билдирүүсүндө эгер Рейтер агенттигинин кабары чын болсо, “олуттуу кооптонууну жаратат”, анткени Ирандан башка бир өлкөгө курал сатылса, бул Улуттар уюмунун эмбаргосун “түздөн түз бузуу болот” деп эскерткен. Мындай билдирүү Ирактын тышкы иштер министри Хошияр Зибаринин 25-февралда Ирандан башталган расмий визитинин алдында жасалган эле.

XS
SM
MD
LG