Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:15

Януковичтин администрация башчысына ок жаңылды


Украинанын бийликтен кулатылган президенти Виктор Януковичтин администрация башчысы Андрей Клюев жарадар болгону кабарланууда. Анын өкүлү Артем Петренконун айтымында, Клюев белгисиз бирөөлөр аткан октон жарадар болгон, бирок өмүрүнө коркунуч жок. Петренконун сөзүнө караганда, ал Клюев менен сүйлөшкөн эмес жана кайда экенин билбейт. Клюев бир кезде Улуттук коопсуздук кеңешинин катчысы да болгон. Окуя качан болгону белгисиз. Украинанын ички иштер министринин милдетин аткаруучу Арсений Аваковдун маалымдашынча, Янукович менен бирге качып жүргөн Клюев ондогон антиөкмөтчүл протестчилердин өлүмү үчүн да жооптуу. Украинанын УНИАН жаңылыктар агенттигинин Клюевге шилтеп кабарлашынча, ал 23-февралда Крымда Януковичке кездешип, аны президенттиктен кетүүгө чакырган.

XS
SM
MD
LG