Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:47

Пентагон аскерлерди Ооганстандан чыгаруунун планын даярдайт

Ооган жоокерлери. Гази-Абад ооданы, Кунар вилайети. 24.2.2014.
Ооган жоокерлери. Гази-Абад ооданы, Кунар вилайети. 24.2.2014.
Президент Барак Обама Пентагонго америкалык аскерлерди жыл соңуна карата Ооганстандан чыгаруунун планын даярдоону буйруду. Ак Үйдүн билдиришинче, Обама мындай буйрукту америкалык аскерлердин Ооганстан жеринде 2014-жылдан кийин калышына мүмкүндүк берген эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгонго ооган президенти Хамид Карзайда ыклас жок болгону үчүн берди.

Эгер ооган өкмөтү аталган келишимге кол койсо, анда АКШ 2014-жылдан кийин Ооганстандын күчтөрүн машыктыруу жана террорчулукка каршы иш-чараларды жүргүзүү үчүн “чектелүү сандагы” аскерлерди Ооганстанга калтырууга даяр, деп айтылат билдирүүдө.

Обама 25-февралда Карзай менен телефондон сүйлөшкөн. Апрелде президенттиктен кетчү Хамид Карзай эки тараптуу коопсуздук келишимине кол койгондон мурда Вашингтонго айрым бир шарттарды койгон.
XS
SM
MD
LG