Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:55

Лукашенко коррупцияга каршы “согуш” баштады


Президент Александр Лукашенко. 31.12.2013.
Президент Александр Лукашенко. 31.12.2013.
Беларуста мамлекеттик Беллегпром бирикмесинин жана Слоним шаарындагы текстиль фабрикасынын жетекчилери камакка алынды. Беларустун тергөө комитетинин маалымдашынча, топ-менеджерлер пара алган деп айыпталып, 24-февралда камакка алынган.
Камакка алуулар президент Александр Лукашенко өлкөдө коңшулаш Украинадагыдай "антиөкмөттүк тополоңдордун болушу мүмкүн эмес" деп айткандын эртеси болду. Лукашенко, ошондой эле, кокус карапайым беларустар жетекчилерди “бир нерсени уурдап жатканда кармап алса, анда биз Майданга татыктуу болобуз” деди.
Майдан - Киевдеги борбордук аянт - Виктор Януковичти президенттиктен кулаткан антиөкмөттүк чыгуулардын символу дегенди түшүндүрөт.

XS
SM
MD
LG