Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Украина: Турчинов сепаратизм коркунучу бар экенин айтты


Украинанын президентинин милдетин аткаруучу Александр Турчинов өлкөгө сепаратизм аракеттери коркунуч келтирип турганын айтты. Бул маселени ал күч түзүмдөрүнүн башчылары менен шейшемби күнү талкуулады. Жыйында Турчинов башкы прокурор Олег Махницкийди тааныштырып жатып, прокурорлор тарабынан өлкөнү бөлүп-жаруу аракеттерине жол берилбеши керектигин белгиледи.

Президенттин милдетин аткаруучу билдиргендей, мамлекеттеги саясий туруксуздуктан пайдаланган айрым күчтөр Украинаны бөлүп-жарууга болгон аракетин жумшашы мүмкүн.

Жаңы баш прокурор бийликтен кулатылган президент Виктор Януковичке, мурдагы баш прокурор Виктор Пшонкага, Ички иштер министрлигинин мурдагы жетекчиси Виталий Захарченкого жана башка бир топ аткаминерлерге издөө жарыяланганын билдирди. Алар адам өлүмүнө жол берген кадамдарга барганы үчүн айыпталууда.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лаврой Москвада Люксембургдун тышкы иштер министри Жан Ассельборн менен сүйлөшүү учурунда Москва Украинанын ички саясатына аралашпай турганын билдирди жана Батыш өлкөлөрү да ушул позицияны карманарына ишенерин айтты.

Евробиримдиктин Тышкы саясат боюнча комиссары Кэтрин Эштон 25-февралда Киевде болгон жолугушууда украин бийлигине каржылык жана саясий колдоо көрсөтүү тууралуу сүйлөгөн.

XS
SM
MD
LG