Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:54

Бишкекте оппозициянын жыйыны башталды


Бишкектеги "Ак Кеме" мейманканасында "Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын" жыйыны башталды. Кабарчыбыздын билдиришинче, жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары Равшан Жээнбеков, Өмүрбек Абдрахманов, саясатчылар Азимбек Бекназаров, Өмүрбек Суваналиев, Кубатбек Байболов, Кубанычбек Кадыров, Мамбетжунус Абылов катышууда. Бүгүнкү жыйында бириккен жаңы оппозициялык кыймылдын расмий жарыяланаары күтүлүүдө. Жыйынды Равшан Жээнбеков ачты. Ал эми биринчилерден болуп сүйлөгөн “Ата-Журт” партиясынын мүчөсү Талант Мамытов президент Алмазбек Атамбаевди оппозиция менен диалогго чакырды. (BkA/JAк)

XS
SM
MD
LG