Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:24

Оппозиция бийликти реформага жөндөмсүз деп сындоодо


Ушу тапта Бишкекте өтүп жаткан "Бириккен улуттук оппозиция кыймылынын" жыйынында сөз сүйлөгөндөр учурдагы бийлик бир да тармакта реформа жасай албагынын айтып сындоодо. Бул тууралуу жыйынга катышып жаткан кабарчыбыз Жанар Акаев билдирди.

Жогорку Кеңеш депутаты Өмүрбек Абдрахманов, «Чындык» партиясынын лидери Кубанычбек Кадыров өлкөдө реформа ишке ашпай, коррупция күчөгөнүн белгиледи. Буга мисал кылып оппозиция эл аралык Transparency International уюму чыгарган коррупция деңгээли боюнча баяндаманы келтирүүдө.

Былтыр аталган уюм жарыялаган баяндамада Кыргызстан 177 өлкөнүн ичинен 150-орунду ээлеп, коррупция тамырын жайды делген өлкөлөрдүн катарынан орун алган.

Бүгүн Бишкектеги "Ак Кеме" мейманканасында "Бириккен улуттук оппозициялык кыймылдын" жыйыны өтүп жатат. Анда аталган кыймылдын расмий бет ачары болду.(BkA/JAk)

XS
SM
MD
LG