Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:11

«Ата-Мекен»: Мунай завод боюнча комиссия түзүү керек


Жогорку Кеңештеги “Ата-Мекен” фракциясы Кара-Балтадагы мунай заводу боюнча атайын комиссия түзүүнү сунуштоодо. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган фракциянын мүчөсү Туратбек Мадылбеков билдирди. Анын айтымында, завод боюнча Кара-Балта шаарынын тургундарынан бир нече кайрылуу келип түшкөн. Мындан улам фракция атайын комиссия заводдун экологияга тийгизген таасирин, андагы тетиктердин ишке жарамдуулугун иликтешин талап кылууда.

Кара-Балтадагы мунай завод кытайлык инвесторлор тарабынан өткөн жылы курулуп, аны ишке киргизүү бир нече жолу жылдырылып келген. Жергиликтүү элдин бир бөлүгү анын иштешине каршы болуп, митингдерди уюштурган. Бирок өткөн апта өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев өз буйругу менен аталган заводдун ишин токтотту. Буга заводду сыноо учурунда экологиялык зыяндын чектен ашкандыгы себеп болгон. (BkA/KE)

XS
SM
MD
LG