Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:38

Сирияда жесир калган кыргызстандык аял уулунан да ажырады


Сирияга күйөөсү жана тогуз жаштагы уулу менен чогуу кеткен кыргызстандык аял жесир калып, уулунан да ажырады. Бул тууралуу "Азаттыкка" УКМКнын маалымат катчысы Рахат Сулайманов билдирди. Ал мындай кабарды Сирияда жүргөн аялдын ата-энесинен алганын айтты. Жесир калган аял аны ошол жактагы согушкерлер чоочун кишиге никелеп бергенин, улам мерт болгон кишиден кийин башкаларга никелөө көрүнүшү уланып жатканын бул жактагы жакындарына телефондон кабарлаган.

Соңку кезде "жихад үчүн" деген максат менен аялы жана балдарын алып Сирияга жөнөп, ал жактагы өкмөткө каршы куралдуу кагылыштарга катышып жаткан кыргызстандыктар тууралуу кабар көп чыгууда. Жакында эле Кызыл-Кыядан уулун жана келинин алып кеткен аял тууралуу кабар тараган эле. (YI)

XS
SM
MD
LG